Урматтуу келечектеги биринчи класстардын ата-энелери (мыйзамдуу ѳкүлдѳрү)!
- Кыргызстанда 11-апрелден тартып 6-7 жаштагы балдарды мектепке электрондук каттоо жүргүзүлө баштайт. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлиги билдирди. Балдарды 1-класска берүү үчүн ата-энелер mektep.edu.gov.kg сайтындагы өтүнмөнү онлайн толтурушу керек. Катталуу эки этап менен жүргүзүлөт.
- Биринчи этапта ата-энелер баланын катталган жери боюнча 11-апрелден 27-июнга чейин документ тапршырат;
- Экинчи этапта жашаган жери боюнча каттоо башталып 27-июндан 10-сентябрга чейин өтүнмөлөр кабыл алынат.
Документтер тиркелип, өтүнмө жиберилгенден кийин мектеп жетекчиси аны текшерип баланы 1-класска кабыл алат.
Кандай документ керек?
Баланы биринчи класска электрондук каттоо үчүн алдын ала төмөнкү документтерди даярдап койгон оң.
- паспорт;
- баланын туулгандыгы тууралуу күбөлүк;
- эки электрондук почта (негизги жана кошумча);
- ата-эненин жана баланын жеке индентификациялык номери. Эгерде ИЖН жок болсо калкты тейлөө борборуна кайрылуу керек.
Жарандар онлайн каттоо боюнча түшүнбөгөн суроолоруна 119 номерине кайрылып жооп алса болот.